Ысык-Көлдү тазалап иштеген суучул эс алуучуларга кайрылды

ӨКМдин кызматкери суу астынан көбүнчө ичине кум толтурулган бөтөлкөлөр чыгарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. ӨКМдин "Терең суу шайма-шай" бекетинин суучулу Азамат Токтоналиев Ысык-Көлдү таштандыдан арылтуу боюнча иш алып барып жаткан топтун ичинде. Ал эс алуучуларга кайрылып, Ысык-Көлгө аяр мамиле жасоого, эс алуудан кийин таштандыны челектерге алып барууга чакырды.
Токтоналиев эс алуу жайларынын көбү көл жээгине таштанды челектерин орнотпой жатканын, ал эми ага келгендер да таштандысын өзү менен кошо алып кетпей көлгө ыргытып кеткенине кейиген.
"Суу алдында бөтөлкө аябай көп, баарынын ичине кум толтурулган. Балдар ошентип ойношот. Ал бөтөлкөлөр аябай оор, мүшөккө топтогондо аз дегенде 45-50 килограмм чыгат. Сууга бир киргенде төрт-беш мүшөк толтурабыз. Аларды парашютка илип өйдө көтөрүп чыгабыз. Мындан тышкары, көлдүн түбү желим баштыкка да толуп кеткен, аларды таштанды чакага салышпагандыктан шамал учуруп кетип көлгө түшөт", — деди ал.
Суучул айнек бөтөлкөлөрдүн сыныктары да көп кездешерин, бирөөнүн бутуна кирип кетүү коркунучу жогору экендигин айтып, эс алуучуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
"Көл жээгине келдиңер, эс алдыңар, кайра кетип баратканда таштандыңарды сала кеткиле да. Анын эч кыйынчылыгы жок. Бөтөлкөгө толтурган кумду кайра төккүлө, ошондо анын салмагы 100 грамм да чыкпайт, силерге оор болбойт", — дейт суучул.
Мындан тышкары, Токтоналиев күндөн калкалоочу бир нече баш кийимдерди көрсөтүп, аларды көбүнчө шамал учуруп кетерин белгиледи.
Айта кетсек, көлдү акыр-чикирден арылтуу иш-чарасы 12-марттан бери жүрүүдө.
ӨКМ 1,5 айда Ысык-Көлдөн 47 миң тонна таштанды алып чыкты. Видео