Муфтият быйыл канча битир-садага чогулганын айтты

Былтыр 42,2 миллион сомдон ашуун каражат топтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Быйыл өлкө боюнча 53 миллион 824 миң 441 сомдук битир-садага чогултулганын муфтият кабарлады.
Каражаттын 60 пайызы, башкача айтканда, 30 миллион 681 миң 82 сому жергиликтүү мечиттерге берилген. Хатибияттарга 15 пайызы же 5 миллион 785 миң 835 сому, ушунча көлөмдөгү акча казыяттарга бөлүнсө, калган 10 пайызы муфтият тарабынан муктаждарга таратылган.
"Өлкөбүздө битир-садага көп жылдан бери мечиттерде топтолуп, нукка түшүп калган. Муктаж инсандар мечиттерге, хатибияттарга, казыяттарга кайрылып, жардам алып келет. Акыркы учурда КМДБ тарабынан битир берүүнү жеңилдетүү жана санариптештирүү аракеттери көрүлүп, интернет банкинг аркылуу кабыл алуу да жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Муфтият былтыр 42,2 миллион сом чогулганын белгиледи.
Эскерте кетсек, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болуп, базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелген.
Быйылкы ажылык сапардын баасы белгилүү болду