Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдуманын спикери Кремлге кол салуу тууралуу пикирин айтты

Володин Киев режимин токтото ала турган куралдарды колдонууну талап кыларын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Владимир Зеленскийдин режими менен эч кандай сүйлөшүүгө болбойт, аны террордук уюм деп таануу керек. Мындай пикирин Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин билдирди.
Мурдараак маалымдалгандай, шаршембиге караган түнү Киев режими Россия президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына пилотсуз эки учак менен сокку урууга аракет кылган.
"Президентке жасалган теракт — бул Россияга кол салуу. Зеленский теракт жасоого буйрук берип, башка эл аралык террористтер менен бир катарда турган. Киевдин террордук режими бүтүндөй бир мамлекетти басып алып, Россиянын, Европанын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө”, — деди ал өзүнүн Telegram каналында.
Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн Зеленский режимине курал-жарак берген саясатчылары алар террордук аракеттердин демөөрчүсү гана эмес, түздөн-түз шериктери болуп калганын түшүнүшү керек.
"Зеленскийдин режими менен эч кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн эмес. Биз Киевдин террористтик режимин токтотуп, жок кыла турган куралды колдонууну талап кылабыз", — деп жыйынтыктады Мамлекеттик Думанын спикери.