Чоң атасын куттуктоого жетишпей калган небере... 9-майга карата ролик

Кыргызстанда Улуу Ата мекендик согуштун 64 ардагери калды. Төрт жыл аралыгында, 1941-жылдан 1945-жылга чейин, республиканын 363 миң жашоочусу фронтко чакырылган. Согушта жүз миңден ашыгы курман болгон.
Sputnik
Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстан ардагерлер тууралуу ролик даярдады. Тартуу тобу Кыргыз улуттук драма театрынын артисти Альбина Имашова менен Орус драма театрынын артисти Медер Дүйшөналиевге ыраазычылык билдирет.