Радио

Актриса: согушту көргөн энелердин кайратын эч нерсе менен салыштырып болбойт

Театр жана кино актрисасы, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III даражадагы Манас орденинин ээси Гүлайым Каниметова буга чейин жараткан ролдорунун көпчүлүгү согуш темасына байланыштуу экенин айтты.
Sputnik
Чынгыз Айтматовдун Улуу Ата мекендик согуш мезгилин сүрөттөгөн чыгармаларынын бири "Саманчынын жолу" повестиндеги Толгонайдын ролун аткаруу ары күтүлбөгөн, ары сыймыктуу болгонун Гүлайым Каниметова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып эстеди.
Анын айтымында, согуш учурундагы каармандардын образын жаратуу өзүнүн жан дүйнөсүнө жакын.
"Азыркы жаштардын көбү согуш дегенде Баткен окуясын эске түшүрүшөт. Жеке баамымда согуш темасы улуу муундун өкүлдөрүнө жакыныраактай. Өзүмдү эле мисал келтире турган болсом, атам Улуу Ата мекендик согуштун ардагери жана II топтогу майып. Ал бизге согушта көргөн күндөрү тууралуу көп айтар эле. Атам менен бирге кеткен иниси согуштан кайтып келген жок. Согуш мезгилиндеги каармандардын образын жаратып жатып баласын жол карап күтүп, жоготкон чоң энемди эстечүмүн. Мындай ролдорду өзүмдүн чыныгы жашоомдо да көргөндүктөн жан дүйнөмө жакындай сезилет", — деди актриса.
Ал согуш мезгилин баштан өткөргөн энелердин кайраты, кайгысы жана күчү эч нерсе менен салыштыргыс экенин кошумчалады.