Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британия: Украинага Apache тик учактарын берүүнү пландаган жокпуз

Январда британиялык ЖМКларга Лондондун Киев бийлигине аскердик бир нече Apache тик учактарын бере турганы боюнча маалыматтар чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Улуу Британия учурда Украинага AH-64 Apache тик учактарын берүүнү пландаган жок. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министринин орун басары Аннабель Голдинин айтканын РИА Новости жазды.
"Учурда өкмөт Украинага Apache тик учактарын берүүнү пландаган жок", — деп жазган Голди Британия парламентинин бул жааттагы суроосуна жооп кылып жатып.
Январда британиялык ЖМКлар Улуу Британия Украинага Challenger 2 танкаларын жөнөткөн соң төрт чакты аскердик Apache тик учактарын бере тургандыгын жазышкан эле.
Россия мурдараак НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы боюнча нота жиберген. Анда ТИМ башчысы Сергей Лавров Киевге келе жаткан кандай гана жүк болбосун Москванын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноорун кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: НАТО өлкөлөрү Украинага убада кылган жардамдын 98 пайызын берди