Башкы прокуратура: 22 турак жай кооперативине 2 576 кылмыш иши козголду

Бүгүн парламентте турак жай кооперативдеринин ишин тескеген мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстанда 22 турак жай кооперативине кылмыш иши козголгон, келтирилген зыяндын суммасы 1,3 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаев парламентте билдирди.
Жалпысынан 2 576 кылмыш иши козголгон.
Ал эми ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев "Ихсан" турак жай кооперативи боюнча 875 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 410 материал сотто каралып жатканын айтты.
"Жарандарга келтирилген чыгым 425 миллион сомду түздү. Учурда тергөө тарабынан 62 миллион сомдой өндүрүлдү. "Ихсан группка" таандык 212 турак жай камакка алынды. Жабыркаган жарандарга өндүрүлгөн сумма соттун чечими менен кайтарылат. Бизге арыз менен кайрылганы ушул, бирок ал кооперативге 6000дей киши кошулганы тууралуу маалымат бар", — деди Аширходжаев.
Бүгүн парламентте турак жай кооперативдеринин иштөө тартибин тескеген мыйзам долбоору каралып, биринчи окуудан өттү.
ИИМ кылмыш иши козголгон 15 турак жай кооперативин атады. Тизме