Радио

Ысабеков: базарга эң төмөнкү салыктык ставка каралган

Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков салык саясатында ишкерлер менен компромистүү чечимдер кабыл алынганын белгиледи.
Sputnik
Базарга эң төмөнкү салык ставкасы коюлганын Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, салык саясаты ишкерлерди колдоого багытталган.
"Салык менен байланышкан бир катар нормативдик документтер өзгөртүлүп, 4-апрелден тартып күчүнө кирди. Мурда жылдык айлантуусу 8 миллион сомго чейин жеткендерге патент менен иштөөгө уруксат берилчү. Бирок бул эрежени бузуп, 8 миллиондон ашса деле патент менен иштеп жүргөндөр көп экени аныкталган. Мындай учурда ишкерлер бирдиктүү же жалпы салык режимине өтүүсү керек. Жалпы режимде кошумча нарк, сатуудан жана пайдадан алынган болуп үч салык төлөнөт. Ал үчүн ишкананын бухгалтериясы болушу зарыл. Башкача айтканда, бул режим чоң ишканаларга ылайыктуу. Ошондуктан орто жана чакан ишкерликке үч салыктын ордуна бирөө эле төлөнө турган бирдиктүү салык режими ыңгайлуу. Анда сатылган товарга көрсөтүлгөн пайыз төлөнөт. Алар дагы салык төлөөчүлөрдүн айрым бөлүгүнө төмөндөтүлдү. Алсак, жылдык айлантуусу 8 миллион сомго жетпегендер салыктан толук бошотулду. 30 миллион сомго чейинкилерге бирдиктүү салыктын ставкасы 0,5 пайыз. Ал эми 50 миллион сомго чейин бир пайыз, андан ашкандар накталай 4, накталай эмес 2 пайыз төлөйт. Базарларга 0,1 пайыз салыктык ставка коюлуп, эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат", — деди Ысабеков.
Ошондой эле ал соода тармагына 2024-жылдан тартып патент жоюларын кошумчалады.