БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Министрлер кабинети мектеп окуучулары үчүн ысык тамакты жана китептерди тендерсиз түз сатып алуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Аталган демилге бүгүн парламентте каралып, биринчи окуудан өттү.
Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Улугбек Календеровдун айтымында, учурдагы мыйзамга ылайык, ысык тамак уюштурууга Кыргызстандын булуң-бурчунан келгендер тендерге катыша алат. Тараптар сунуштаган шартына жараша утуп алышы мүмкүн. Ал Караколдо туруп Бишкекке тамак ташыгандар болгонун мисал келтирди. Эгер мыйзам күчүнө кирсе райондук билим берүү бөлүмдөрү жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн сапаттуу, таза тамакты сатып алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Суммасына чек жок, ким жакшы шарттарды сунуштаса ошол менен түз келишим түзүлөт.
"Үзгүлтүксүз иштөөгө шарт түзүп жатабыз. Анткени окуу куралдарын сатып алууда катачылыктар кетип калса, кайра башынан тендер өткөргөнгө бир жылдай убакыт кетчү. Азыр "Учкун" мамлекеттик басмаканасынан же башка жактан түз сатып алууга болот", — деди Календеров.
Ошондой эле ал түз келишимдер дагы Мамлекеттик сатып алуулар порталына ачык жарыялана турганын белгиледи.