РФ Коопсуздук кеңеши: НАТО чек арага жакын аймакта аскерин күчтөөдө

Катчынын айтымында, ушу тапта региондо 60 миң аскер адамы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. НАТО Чыгыш Европада аскер контингентин көбөйтүүдө, бөлүктөрүн күчтөп, Россиянын чек арасына жакын аймакта аскердик инфраструктурасын модернизациялап жатат. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Батыш өзүнүн планына ылайык биздин өлкөгө саясий, аскердик жана экономикалык кысымын акырындап күчөтүүдө. НАТО Чыгыш Европа мамлекеттеринин аймагында кошумча күч тартып жатат. Ушу тапта региондо 60 миң аскер адамы бар", — деген Патрушев.
Анын айтымында, альянс Украинага техника, курал-жарак жөнөтүп, украин армиясы үчүн жоокерлерди даярдоо боюнча ондогон атайын борборлорду ачып иштетүүдө.
Жоопсуз калбайт! Москва Варшаванын өкүлүнө нааразычылык нотасын тапшырды