Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев: Зеленскийди жок кылуудан башка айла жок

Шаршембиге караган түнү Киев режими РФ президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына пилотсуз эки учак менен сокку урууга аракет кылганы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май - Sputnik. Бүгүнкү терактыдан кийин Владимир Зеленскийди жок кылуудан башка арга калган жок. Мындай пикирин Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев айтты.

"Шартсыз багынып берүү актысына кол коюунун деле кереги жок. Гитлер да, өзүңөр билгендей, ага кол койгон эмес. Зиц-президент Дёниц сыяктуу аны алмаштыруучу киши табылат", — деп жазды Медведев Telegram каналына.

Шаршембиге караган түнү Киев режими РФ президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына пилотсуз эки учак менен сокку урууга аракет кылганы кабарланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Киев Москва менен Путинге кол салбаганын айтты