Кыргызстан менен Кытай визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүп жатат

Эки өлкөнүн ТИМ башчылары өткөн жумада жолугуп сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламентте билдирди.
"27-апрелде Сиань шаарында Кытайдын тышкы иштер министри менен жолуктум. Биздин жарандардын, айдоочулардын виза маселесин талкууладык. Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Жалпысынан алганда Кытай тарап бул маселе боюнча сүйлөшүүгө даяр", — деди Кулубаев.
Министрдин айтымында, ички маселелер такталып, коопсуздук жана башка иштер боюнча тийиштүү ведомстволор анализдеп чыккандан кийин кыргыз тарап өз сунушун киргизет.
Кыргызстандыктар 24 өлкөгө визасыз эле бара алат. Тизме