КР жарандары долбоорлорун Санкт-Петербургда көрсөтө алат. Катышуу акысыз

Тандоо турунан өткөн талапкерлердин авиабилетин, жашаган жери, тамак-ашы жана иш-чарага катышууга кеткен чыгымды кабыл алган тарап төлөп берет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстандыктар өздөрүнүн долбоорун Петербург эл аралык экономикалык форумунда (ПЭЭФ) презентациялай алат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди
ПЭЭФ 14-17-июнь күндөрү өтөт.
"Креативдүү жаш кыргызстандыктар өздөрүнүн долбоорлорун уникалдуу экономика жана бизнес аянтчасында презентация кыла алат. Эгер сиз IT, креативдүү индустрия, социалдык багыт боюнча долбоорлор менен иштеп жаткан болсоңуз "Русский домдун" "Жаңы муун" аттуу жаштар программасына катышуу үчүн арыз бериңиз", — деп айтылат маалыматта.
Тандоо турунан өткөн талапкер каражат коротпойт, барып-келиши, жашаган жери, тамак-ашы кабыл алган тараптын мойнунда, мындан сырткары, иш-чарага катышуу төлөнүп берилет.
Программага Кыргызстандын 25тен 35 жашка чейинки жарандары катыша алат (буга чейин бул сынакка катышпагандар). Катышуу үчүн арызды 2023-жылдын 9-майына чейин kirgizia_bishkek@rs.gov.ru электрондук почтасына жөнөтүү керек. Кененирээк маалымат алуу үчүн шилтемеге кириңиз.
Форум англис тилинде өтөт.
Бишкекте "Жеңиш диктанты" болуп өттү. Сүрөттөр