БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына чек арадан ID-карта менен өтүүгө уруксат берүү боюнча эл аралык келишимди жактырды.
Депутаттар ратификациялык мыйзам долбоорун үч окуудан колдоп берди. Эми ага президент кол коюшу керек.
Документтеги эң маанилүү эки пункт:
буга чейин чек арадан жалпы жарандык паспорт менен гана өтүүгө мүмкүн болсо, эми ID-карта жетиштүү;
буга чейин 16 жашка чейинки балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркелген атайын кошумча кагаз алышы керек болчу. Эми бул норма алып салынды, балдарга жалпы жарандык паспорт колдонулат.
Жаңы ченем Өзбекстан президентинин Кыргызстанга январдагы мамлекеттик сапарынын алкагында макулдашылган.
Ал эми өткөн жумада коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев келишимди бекиткен.