Милиция: Аламүдүндө блогер акча алып жатканда кармалды. Видео

Арыз жазган 76 жаштагы киши 33 жаштагы жигит алгач 40 000 доллар талап кылганын айтып арызданган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунда 2700 доллар алып жаткан жеринен У. аттуу блогер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
ОИИБ буга чейин Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясына 76 жаштагы киши У. аттуу блогердин үстүнөн арызданганын билдирди.
"2023-жылдын апрелинен тарта арыз жазган киши туурасында терс маанайдагы видеону таратарын айтып, анын ордуна 40 000 доллар сураган. Акчанын 37 300 долларын алып, калган сумманы талап кылууну токтоткон эмес", — деп айтылган маалыматта.
Арыздан соң милиция Кылмыш кодексинин 208-беренесинин ("Акча талап кылуу") негизинде иш козгогон.
Андан кийин милиция кызматкерлери аталган блогердин Аламүдүн районунда 2700 доллар алып жаткан жеринен кармаган. Анын убактылуу кармоо жайына киргизилгендиги айтылды.
УКМК: Ала-Букада опузалап акча алып жаткан жеринен блогер кармалды