Радио

Жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук STEPS изилдөөсүнө 2 700 киши катышат

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Аида Алимбекова калктын көпчүлүгү ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап келерин айтты.
Sputnik
1-майдан тарта Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук STEPS изилдөөсүн өткөрүүгө киришти. Бул тууралуу Аида Алимбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган изилдөө соңку ирет 2013-жылы өткөрүлгөн.
"Саламаттык сактоо министрлиги 1-майдан баштап жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук STEPS изилдөөсүн өткөрүүгө бел байлады. Бул изилдөөгө өлкө боюнча жалпы 2 700 гана киши катыша алат. Максаты — калкты ден соолугуна кам көрүүгө үндөө. Анткени барган сайын эл саламаттыгына көңүл бурбай жатат. Жыйынтыгында кайсы оору менен ооруп жүргөнүн билбегендер көп. Улуттук STEPS изилдөөсү үч этап менен өтөт. Алгач сурамжылоо жүргүзүлөт. Андан соң кишинин кан басымын өлчөп, аныктап беребиз. Акырында химиялык анализдер алынып, кант диабетинин көрсөткүчтөрү бар-жогун аныктайбыз. Аталган изилдөөнү медициналык билими бар кызматкерлер жүргүзөт", — деди Алимбекова.
Ал Кыргызстанда жугуштуу эмес илдеттердин арасынан эң көп жайылганы жүрөк-кан тамыр оорулары экенинин кошумчалады.