Радио

Доромбаев: кырсыкты алдын алуу үчүн кооптуу жолдордо дрон колдонуу керек

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Абасбек Доромбаев жол кырсыгынан каза болгондордун саны Кыргызстан үчүн абдан көп экендигин айтты.
Sputnik
Өлкөдө жол кырсыгын алдын алуу үчүн кооптуу аймактарда дрондорду колдонуу керек. Бул тууралуу Абасбек Доромбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир айдоочуга жете тургандай маалымат таратылып, жоопкерчилик ишине көңүл бурулушу керек.
"Кыргызстанда 2022-жылы жол кырсыгынан 690 адам каза болду. Мындай көрсөткүч кичинекей өлкө үчүн абдан чоң. Тиешелүү мамлекеттик ведомстволор жыл сайын өзгөртүүлөрдү киргизип, чечимдерди кабыл алып жатат. Жол эрежесин бузгандардын жазасы күчөтүлүп, айып пулдун көлөмү өстү. Ошондуктан аз болсо да айдоочулар да коркуп калышты. Өлкөнүн кооптуу жолдорунда дрон колдонуу керек. Бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге кырсыктарды алдын алууга мүмкүнчүлүк берет эле", — деди Доромбаев.
Ошондой эле адис оң рулдуу автомобилдердин Кыргызстанга кириши жана алардын көбөйүшүнө көзөмөл болушу керектигин кошумчалады.