Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Кээ бир жерлерде аба ырайынын температурасы -4 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Өлкөнүн аймактарында 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус суук болот (үшүк жүрөт).
Мындай аба ырайы жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч жаратат.
Күн ысыйбы? Келе жаткан аптага карата Кыргызстандагы аба ырайы