Экономист: сом ЕАЭБдеги эң ишенимдүү валюта бойдон калууда

Адис Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соодалашууда дагы сомдун ролу өскөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Москва биржасында кыргыз валютасына болгон суроо талап өсүп жатат. Бул тууралуу экономист Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы эсептешүү улуттук валютага өтүп жаткандыктан банктарда аларга болгон суроо талап өсүүдө.
"Мындан тышкары, ЕАЭБ мамлекеттериндеги акчалардын арасында сомдун өзгөрүү деңгээли төмөн болгондуктан ишенимдүү болуп жатат. Буга байланыштуу Москва биржасындагы сомдун катышуусундагы соодалашуу башталгандан бери анын популярдуулугу өсүүдө", — деди Акимова.
Ал Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соодалашууда дагы сомдун ролу өскөнүн кошумчалады.
"Көптөгөн операцияларды ортомчу валютасыз жасаса болот. Мисалы, россиялык банктардын платформалары аркылуу рублди сомго конвертациялап Кыргызстанга комиссиясыз жөнөтсө болот. Кыргызстандыктар соода кылган маркетплейстерде да улуттук валюта менен иштесе болот. Бирок бул үчүн чет өлкөдө сомдун көлөмү көбөйүшү керек", — деди экономист.
ЭВФ жетекчиси: дүйнө акырындык менен доллардан баш тарта баштады