Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров 51 жашында көз жумду

Тажиясы Жаңы-Жол айылында өзү жашаган үйүндө өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын режиссёр-коюучусу Шамбет Мендебаиров 51 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу маалыматты аймактык кабарчыга кесиптештери тастыктады.
Режиссёрдун тажиясы 3-майда саат 11:00дө Нарын шаарындагы Жаңы-Жол айылында өзү жашаган үйүндө өтөт.
Мендебаиров 1972-жылдын 22-августунда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
2012-жылдан ушул күнгө чейин театрда көркөм жетекчи, режиссёр-коюучу болуп эмгектенген.
Нарын театрында койгон спектаклдери:
В. Дельмар “Жашоо деген..."
Т. Якуб “Селим жана Ханыша”
Ч. Калыбекова “Ботокөз”
Ж. Өзүбекова “Күйөө сатам”
К. Мамбетакунов “Укей”
В. Сологуб “Назик жүрөк”
М. Байжиев “Төрт адам”
К. Иманалиев “Актриса”
С. Рысбаев “Адам пери”
К. Култегин “Шыпыргы өмүр”
К. Осмоналиев “Көчмөндөр кагылышы”
Медицина илимдеринин кандидаты, котормочу Изиля Рахимова көз жумду