РФ ТИМи Суданда россиялык аскер учагы Россиянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Молдованын, Бангладештин, Судан жана Украинанын жарандарын алып келгенин билдирди. Алардын саны 200гө чукул.
"2-майда эртең менен "Чкаловский" аэропортуна Космостук аба күчтөрүнүн атайын рейси менен согуш болуп жаткан Хартумдан 200гө жакын Россиянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Молдованын, Бангладештин, Судандын жарандарын жана украиналыктар келди. Операциянын өзү жана жарандарга чыгып кетүү боюнча кабарлоо болушунча жабык түрдө кооптуу, өтө тобокел болгон жагдайда жасалды", — деп айтылган министрликтин маалыматында.
Ийне-жибине чейин ойлонуштурулган даярдыктын, кылдаттыктын негизинде Судандагы өнөктөштөрдүн көмөгү менен "россиялык бөлүктөрдүн спецназынын кайтаруусу алдында 1-майда алып чыккан колонна Россиянын Хартумдагы элчилигинен "Аш-Шахид Мухтар" аба базасына аман-эсен жеткирилген". Учак көтөрүлгөн аба база Судандын от күйүп жаткан борборунан өтө алыс эмес, 35 чакырым аралыктагы Омдурман шаарында жайгашкан.
Эске салсак, 2023-жылдын 15-апрелинен тарта Суданда Тез арада аракетке келүүчү күчтөр менен (башында Мухаммед Хамдан Дагло турат) менен регулярдуу армия кармашып жатат. Каршылашкан тараптар ар кимиси ЖМКларда, социалдык тармактарда маалыматтык кампаниясын жүргүзүп, кайсы объектилерди каратып алгандыгын айтып жана ийгиликтерин өз-өзүнчө жар салууда.
Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, кагылыштан көз жумгандардын саны 600 адамга чукулдап калды. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү 459 киши каза таап, 4072си жарадар болгонун кабарлады.
Тема боюнча: