Май майрамдары: бул жана келе жаткан аптада иш күндөрү аз болот

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бул иш жума кыска болот, тагыраагы, шейшембиден бейшембиге чейин гана уланат. Андан соң кыргызстандыктар катары менен беш күн — 5-9-май күндөрү эс алышат.
Мындай токтомду министрлер кабинети чыгарган.
Эс алуу күндөрү:
5-май (жума) — Конституция күнү;
6-7-май — ишемби жана жекшемби;
8-май (дүйшөмбү) дагы эс алуу күн деп эсептелген, бул күндү кийин 13-майда (ишемби) иштеп толтуруш керек болот.
9-май (шейшемби) — Жеңиш күн.
Эсептей келгенде, келе жаткан иш апта да кыска болот, тагыраагы, шаршембиден ишембиге чейин гана жумуш күн деп эсептелет.
Май майрамдарында кызмат өтөөгө беш миңден ашуун милиционер тартылат