Өпкөнү, мээни сезгентет... Кызамык дагы кандай кесепеттерге алып келет

Адистердин айтымында, кызамыкты оорулуу менен байланышта болгон же эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жуктуруп алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кызамык оорусун кимдер жуктуруп аларын жана андан сактануу жолдору тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери "Сак-саламат" Telegram каналы аркылуу айтып беришти.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык оорусу күчөгөнүн айткан. Январдан бери бул оору менен 200гө жакын адам кайрылган.
Адистердин айтымында, кызамыкты оорулуу менен байланышта болгон же эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жуктуруп алышат.
"Иммунитети начарлар илдеттин оор түрүнө кабылышы мүмкүн. Мунун айынан кулак, мурун көңдөйчөлөрү, өпкө жана мээ сезгенет. Көздүн чел кабыгы бузулуп, көрбөй калгандар дагы бар. Мындан сырткары, бейтаптын эпилепсиялык талмасы кармайт. Өлүм менен аяктаган учурлар дагы кездешет", — деп жазылган маалыматта.
Адистер кызамыкты алдын алуунун натыйжалуу жолу эмдөө экенин кошумчалашты. Балдар 12 айында жана алты жашында алууга болот.
Радио
Кыргызстанда эмчек рагына чалдыккандардын 40%ы каза болот