Жаңы машыктыруучу Таркович Кыргыз футбол союзу менен келишимге кол койду

Чет элдик машыктыруучуга ата мекендик адистер жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Словакиялык адис Штефан Таркович Бишкекке келип Кыргыз футбол союзу (КФС) менен келишимге кол койду.
Документтин мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин белгиленди.
"Кыргыз футбол союзунун президентинин мага көрсөткөн ишеними үчүн ыраазымын. Алдыга чоң пландар коюлду, баарын ишке ашырууга аракет жасайбыз", — деди ал.
КФСтин башкы катчысы Нурдин Букуев Таркович Кыргызстандын улуттук курама командасын жетектей турганын, машыктыруучулук штабда ага ата мекендик адистер жана аны менен кошо келген жардамчылары көмөк көрсөтөрүн белгиледи.
Эске салсак, Таркович бир нече күн мурда Александр Крестининдин ордуна машыктыруучу болуп дайындалган.
Кыргызстан Сауд Арабия менен футбол жаатында кызматташмакчы