Букмекердик кеңсеге кыргыз жарандары да кирсин. Атазов менен Малиевдин демилгеси

Демилгенин авторлору букмекерге ставка коюуну азарттык оюн эмес, интеллектуалдык мелдеш деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстандын жарандарына букмекердик кеңселерде ойноого уруксат берип, алардан түшкөн кирешенин кеминде 2 пайызын спорт тармагына которуу керек. Мындай демилгени депутаттар Шайлообек Атазов менен Арсланбек Малиев көтөрүп, коомдук талкууга коюшту.
Алар учурда букмекерлер жашыруун түрдө иштеп жатканын белгилеп, тыюу салуунун ордуна ишин жөндөө керектигин жазган.
"Кыргызстанда 2015-жылдан бери букмекердик ишмердүүлүккө тыюу салынган. Бирок баары бир көмүскөдө иштеп жатканы баарына белгилүү. Эксперттердин айтымында, оюн-зоок иштерине тыюу салуу мамлекеттик бюджеттен жылына 600 миллион сомду жоготууга, 11 миңден ашык жумуш ордун жабууга алып келген. Мындан тышкары, мыйзам менен жөнгө салынбаган онлайн букмекердик ишмердүүлүктүн натыйжасында өлкө экономикасы 100 миллион доллардан ашык каражаттан кол жууган", — деп жазылган долбоордун маалыматтык негиздемесинде.
2022-жылы кумар оюндарына уруксат берилип, бирок Кыргызстандын жарандарына катышууга тыюу салынышы азыркы реалдуулукка дал келбей турганы документте белгиленген. Демилгечилердин айтымында, ал мыйзам букмекердик ишмердүүлүктү көмүскөдөн толук чыгара албайт, жарандардын укуктарын коргобойт жана спортту өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Андыктан букмекердик ишти өзүнчө бөлүп кароо керек деп эсептешүүдө.
"Бул азарттык оюн эмес, катышуучулардын ортосунда мелдеш (пари) болот. Алар оюндун жыйынтыгына таасир эте албайт. Башкача айтканда, букмекердик кеңселер менен спорттук оюндарга коюлган ставка интеллектуалдык оюн болуп саналат", — деп белгилеген авторлор.
Мыйзам долбоорунун максаты:
мыйзамдуу букмекердик ишмердүүлүк аркылуу спортту каржылоонун өсүшүнө дем берүү;
букмекердик кеңселер менен мелдешке катышкан Кыргызстан жарандарынын жарандык жана конституциялык укуктарын коргоо;
көмүскө жүгүртүүдөн букмекердик ишмердүүлүктү алып салуу;
мыйзамсыз букмекердик ишмердүүлүктүн натыйжасында өлкөдөн чыгарылган акча каражатынын агылып чыгышын минималдаштыруу;
мыйзамдуу букмекердик ишмердүүлүк аркылуу бюджетти толтурууну жана өстүрүүнү стимулдаштыруу;
букмекердик кеңселер тарабынан спорттук мелдештерди уюштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана тиешелүү лицензияларда каралган шарттардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл кылуу;
букмекердик кеңселер Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү фондуна карата чегерүүлөрдү лицензия алгандан кийин ар бир квартал сайын которуп турат;
Лицензия алуунун баасы министрлер кабинети тарабынан аныкталат.
Долбоордо жазылгандай, башка өлкөлөрдө букмекер өтө кирешелүү тармак болуп эсептелинет. Андыктан аны жойбой, тескерисинче жөнгө салып келишет. Мисалы, Казакстанда туруктуу өнүгүп, оюн бизнесиндеги кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү бир жылда дээрлик эки эсеге өсүп, 500 миллиард теңгеден (97,5 миллиард сом) ашты. Букмекердик кеңселер мыйзамдуу иштесе салык төлөө менен бирге спортту кошумча каржылап, спортчуларга, тайпаларга жана лигаларга өнөктөштүк аркылуу салым кошот.
Кыргызстанда 4 букмекердик контора катталып, 42 млн. сом түштү