Пресс-борбор

"Хор Турецкого" тобунун негиздөөчүсү: чет өлкөлөрдө Ысык-Көлдү жарнамалап келем

1-майда "Хор Турецкого" жана Soprano Бишкекте концерт берди. Программага бир нече тилдеги композициялар кирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. "Хор Турецкого" жана Soprano арт-топторунун продюсери жана негиздөөчүсү Михаил Турецкий Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
"Хор Турецкого" жана Soprano арт-топторунун продюсери жана негиздөөчүсү Михаил Турецкий
Ал Кыргызстандан алган таасири менен бөлүшүп, башка мамлекеттерге барганда Ысык-Көлдү жарнамалап келерин айтты.
Кечээ, 1-майда, "Хор Турецкого" жана Soprano Бишкекте Unity Songs аталыштагы концертин берди. Программага опералык ариялар, элдик ырлар кирип, дүйнөлүк хиттер бир нече тилде, анын ичинде орусча жана кыргызча аткарылды.

Турецкий эмнелерди айтты

Ал жамааты менен КМШга болгон сапардын алкагында Бишкекке келгенине абдан кубанычта болду. Көрүүчүлөрдүн орусча ырдап, итальянча үн кошкону артисттерди таң калтырды.
Ырларды кыргызча аткаруу көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Жамаат кыргызстандыктарды кубантуу үчүн көпкө даярданышкан. Көрүүчүлөрдүн бири артисттердин ар бир сөзү түшүнүктүү болгонун айтты.
Алгачкы жолу "Хор Турецкого" Бишкекке 2004-жылы келип, Ысык-Көлгө да барган. Акыркы кезде артисттер Кыргызстандын борбор калаасына көп каттап, шаардын гүлдөп жатканын байкашууда.
Кыргызстандык артисттердин Михаил Турецкийдин жамаатына кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Ал Ысык-Көлдө концерт коюуну кыялданып келет. Музыкант кайсы жакка барса дагы Ысык-Көлдү жарнамалап келерин белгиледи.
Турецкий Бишкекке кезектеги концерти менен күз айларында келүүнү пландап жатат.
"Хор Турецкого": Бишкектеги бекер концерттин видеосу