Бишкектеги "Мадина" базары тартипке келтирилет

bishkek-madina-bazary-tartip
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бишкек мэриясы "Мадина" базарын тартипке келтирүүнү чечти.
Соода комплексинде автоунаа тыгынын жоюу, башаламан токтогон машиналарды, соода объектилерин жана жарнама конструкцияларын иретке келтирүү боюнча жыйын өттү.
1 / 3

Бишкек мэриясы "Мадина" базарын тартипке келтирүүнү чечти

2 / 3

Соода комплексинде автоунаа тыгынын жоюу, башаламан токтогон машиналарды, соода объектилерин жана жарнама конструкцияларын иретке келтирүү боюнча жыйын өттү

3 / 3

Менделеев көчөсүндөгү жана базардын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган курулуштарды түрттүрүү пландалууда

Менделеев көчөсүндөгү жана базардын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган курулуштарды түрттүрүү пландалууда. "Бишкек унаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасы машина токтотуучу жерлерди уюштуруп, аны балансына алуу боюнча сунуштарын бериши керек. Ал эми Патрулдук милиция автоунаалардын башаламан токтошуна бөгөт коюп, аталган көчөдөгү кыймылды жөнгө салат.
Учурда мыйзамсыз орнотулган эки бастырма алынды.
Борбор калаанын айрым жерлеринде 2-майда суу өчөт. Даректер