Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугуп, бир нече маселе талкууланды

Жолугушууда сугат сууну пайдалануу, арыктарды тазалоо, көпүрө, жолдорду оңдоо маселелери талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту

2 / 3

Жолугушуу бүгүн, 2-майда, Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен аймагында өткөн. Ага эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан

3 / 3

Анда чек арадагы кырдаал талкууланып, пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, турмуш тиричиликке байланыштуу маселелерди жеринде чечүү сүйлөшүлгөн.

Жолугушуу бүгүн, 2-майда, Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен аймагында өткөн. Ага эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан.
Анда чек арадагы кырдаал талкууланып, пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, турмуш тиричиликке байланыштуу маселелерди жеринде чечүү сүйлөшүлгөн. Анын ичинде дрондордун учушу, сугат сууну пайдалануу, сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо, көпүрө, жолдорду оңдоо маселелери бар.
Ал боюнча иш алып баруу үчүн тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлгөн.
Баткен жана Согди облусунун башчылары иш үстүндө байма-бай жолугушууларды өткөрүп турары, бул аракет чек арадагы тынчтыкты сактоо, улам жаралган жагдайларды ыкчам чечүү максатын көздөөрү белгиленди.
Баткен менен Исфаранын акимдери жазгы талаа жумуштарын тынч өткөрүүнү макулдашты