Финансы министрлиги АКШ июнда карызын төлөөгө алы келбей каларын болжоду

Жо Байдендин администрациясы конгресстен эч кандай шарты жок эле карыз алуу чегин жогорулатууну талап кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Эгер Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе, АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн. Бул туурасында өлкөнүн финансы министри Жанет Йеллен мыйзам чыгаруучуларга жазган катында эскерткенин РИА Новости билдирди.
"Федералдык салыктардын соңку келип түшүүлөрүн эсептеп карасак, июндун башына карата биздин өкмөт милдеттемелерин толук аткарууну уланта албай калат. Андыктан ага чейин Конгресс карыз алуу чегин көбөйтүшү керек", — деп жазган министр.
Өткөн жумада АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы республикачылардын мамлекеттик карыздын жогорку чеги 1,5 триллион долларды түзгөн, ошол эле учурда чыгымды 4,5 триллион долларга кыскартууну камтыган мыйзам долбоорун кабыл алган.
Жо Байдендин администрациясы мурдагыдай эле Конгресстен эч кандай шарты жок эле карыз алуу чегин кеңейтип берүүнү талап кылып, болбосо АКШ ушул жайда карызын төлөй албай каларын эскертип жатат. Президент мамлекеттик карыздын лимити боюнча Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Ал мурда болуп келгендей чекти автоматтык түрдө жогорулатууну талап кылууда.
Трамптын элдин көзүнчө Байденди туурап, аны шылдыңдаган видеосу