С. Жапаров Мирзиёевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Жаңы Конституция Шавкат Мирзиёевдин бул кызматка катары менен эки мөөнөттөн кийин кайра дагы шайлануусуна жол ачат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Садыр Жапаров Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров кыргыз тарап бир катар эл аралык байкоочулардын курамында референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, Өзбекстандын мындан аркы өнүгүүсүн аныктоодогу тарыхый учурга күбө болгонун белгилеген.
"Бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандардын жашоо шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөрү шексиз", — деп жазылган маалыматта.
Мындан сырткары, эки өлкө кол койгон бир катар маанилүү макулдашуулар жана документтер өнөктөштүктү бардык тармактарда өнүктүрүүгө түрткү бергенин белгилеген. "Жалпысынан биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерибиз ырааттуу өнүгө берет деп терең ишенем", — деген президент.
Жакынкы эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театрынын капиталдык оңдоо иштери аяктаганын, ошондой эле Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү эки тараптуу мамилелердин түзүлгөндүгүнүн мааракелик жылында өтө турганын эске салган. Өзбекстандын Баш мыйзамынын жаңы долбоору жактырылды. Ага добуш бергендердин 90,21 пайызы сунушталган демилгени колдоорун билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, добуш бергендердин саны 84,54 пайызды (16,6 миллион адам) түздү.
Конституциянын жаңы редакциясына дагы 27 беренени киргизүү пландалууда. Жалпы беренелердин саны 155 болмокчу.
Атап айтканда, республиканын тургундарына президенттин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга чейин узартуу боюнча пунктуну кабыл алуу сунушталып жатат. Кошумчалай кетсек, конституциялык мыйзам долбоору азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин бул кызматка катары менен эки мөөнөттөн кийин кайра дагы шайлануусуна жол ачат.
Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасынан ID-карта менен өтүү нормасын бекитти