БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Төрт жылдын ичинде Кыргызстанда банк карталарынын саны эки эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
2018-жылдын жыйынтыгы боюнча банктык төлөм карталарынын жалпы саны 2,4 миллионду түзсө, 2022-жылдын аягында 5,2 миллиондон ашкан. Ушул эле мезгилде "Элкарт" улуттук төлөм системасынын карталарынын саны 1,2 миллиондон 3 миллионго чейин көбөйгөн.
Өлкөдө карталардын санынын өсүшүнүн негизги себеби айлык акы долбоорлору экени айтылды. Анын үстүнө мурда эл аралык карта боюнча айлык алган бардык бюджеттик мекемелер "Элкартка" которулган.