Радио

Жусупов: өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу сакталууда

Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов Малдын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары менен күрөшүүгө вакцина тартыштыгы жок экендигин айтты.
Sputnik
Өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу сакталууда. Алсак, ЕАЭБге кирген Казакстан, Арменияда малдын жугуштуу оорулары чыгып, Россия чек арасын жапты. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, малды жугуштуу оорулардан сактоо үчүн вакциналар убагында алынып, ушул жылдын биринчи кварталына карата эмдөө иштери толук жасалып бүттү.
"Учурда өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу сакталууда. Биз бул маселеге абдан маани беришибиз керек. Эпизоотиялык абал туруктуу болгон учурда гана өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспортко жөнөтө алабыз. Мисалы, 2007-жылы Кыргызстанда эпизоотиялык абал начар делип, Россия, Казакстан, Өзбекстан чек арасын жапкан. Учурда Казакстанда шарп ылаңы чыгып, Россия бир тараптуу жабык турат. Бизде өзгөчө коркунучтуу ылаңдары менен күрөшүүгө вакцина тартыштыгы жок. Малды жугуштуу оорулардан сактоо үчүн вакциналар убагында алынып, ушул жылдын биринчи кварталына карата эмдөө иштери толук жасалып бүттү", — деди Жусупов.
Ошондой эле адис малды жугуштуу оорулардан сактоо үчүн вакцинаны убагында сайдыруу, түшүндүрүү иштерине көңүл буруларын кошумчалады.