Учуп түшүп, баткакка батканына карабай жарышкандар... Чүйдөгү турнирден ирмемдер

Чүйдөгү Озерное айылында мотоциклдер менен жолтандабастар өзгөчө шартта жарышкан иш-чара болуп өттү. Андагы ирмемдерди Sputnik даярдаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.
Sputnik
Иш-чара 29-30-апрель күндөрү Offroad Kings клубунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына арналып өткөрүлгөн. Ага Борбор Азиянын жана Россиянын спортчулары катышты.
Мелдештин биринчи күнүндө мотоцикл менен квадроциклдер түрдүү тоскоолдуктан өттү. Экинчи күнүндө жолтандабастар суу кечип, ойдуңдардан өтүп жарышка түштү.
Жарыштан сырткары, көрүүчүлөргө конкурстар жана дискотека тартууланды.
1 / 14

Бишкектин четинде мотоциклдер менен жолтандабастар өзгөчө шартта жарышкан иш-чара болуп өттү

2 / 14

Жарыш 29-30-апрель күндөрү Чүйдүн Озерное айылындагы полигондо уюштурулду

3 / 14

Турнирге Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Россиянын спортчулары катышты

4 / 14

Мелдештин биринчи күнүндө мотоцикл менен квадроциклдер түрдүү тоскоолдуктан өтүп жарышты

5 / 14

Оюндун кызыгына кирген мотоциклчи...

6 / 14

Offroad Kings клубунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына арналып өткөрүлдү

7 / 14

Спортчулар марага жетүү үчүн бир топ тоскоолдуктан өтүшү керек болду

8 / 14

Мелдештин биринчи күнүндө квадроцикл менен да жарышты

9 / 14

Айрымдары минтип квадроцикли менен сууга да түшүп калды

10 / 14

Оюнду көрүүгө көбү балдары менен келди

11 / 14

Жолтандабастардын жарышы күйөрмандардын бүйүрүн кызытты

12 / 14

Оюндун кумары ушундай окшобойбу. Азап тартарын билип туруп жарышка түшүп...

13 / 14

Айрым автоунаалар баткакка "отуруп" калды

14 / 14

Катышуучулар дагы, көрүүчүлөр дагы оюндан ырахат алды

Тема боюнча:
Майрамдык шаң! Бишкектин 145 жылдыгына арналган ири концерттен ирмемдер
Сергектик, спорт, чың ден соолук. Быйылкы "Жаз деминен" алынган ирмемдер