Брянскиде темир жол жардырылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Россиянын Брянск облусунун аймагында темир жолго коюлган жардыргыч иштеп, локомотив рельстен чыгып кетти. Бул туурасында аймактын жетекчиси Александр Богомаз билдирди.
Бул окуя Брянск — Унеча темир жолунун 136-чакырымында болгон.
"Жабыркагандар жок. Ыкчам кызматтар иштеп жатат. Жолдун ал аймагындагы ары-бери каттаган кыймыл токтотулду", — деген облус башчысы.
Локомотив рельстен чыгып кеткен. Поезд курулуш материалдарын жана май ташып баратканы айтылды.
Бийлик азырынча окуянын себеби боюнча расмий версиясын айта элек, бир катар ЖМКлар бул атайын жасалган иш экенин жазышты.
Крым көпүрөсүндө жарылуу болду. Видео