Бишкектен кыз ала качып бараткан жаранды милиция кармады

Шектүүнү Ысык-Атадан түнкү рейдге чыккан жол тескөөчүлөр кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкектен Чүйдүн Ысык-Ата районуна 23 жаштагы кызды ала качып бараткан 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдирди.
Окуя 1-майга караган түнү болгон.

"1998-жылы туулган Н. уулу А. Бишкектен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2000-жылы туулган К.А. аттуу кызды ала качып кеткен деген маалымат түшүп, "перехват" планы жарыяланган. Саат 00:20 чамасында түнкү рейддик иш-чара жүргүзүп жаткан Ысык-Ата РИИБи боюнча ЖКККБдин кызматкерлери автоунааны кармашкан", — деп жазылган маалыматта.

Автокөлүктү Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Милициядан качып кырсыктагандар адам уурдап баратканы айтылды