Жаагы, тиши сынган. Австралияда футболчу калысты сабап салган видео

Аймактын спорт министри футболчунун бул жоругун "пастык" деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Австралияда футбол калысы Ходр Ягини оюн бүткөндөн кийин футболчулардын бири сабап салганын Р-Спорт жазды.
Окуя Сидней шаарындагы футбол турнирлеринин биринде болгон. Анда аймактык эки команда оюн өткөргөн.
Беттеш аяктап калганда көрүүчүлөрдүн бири калыстарды кемсинтип баштаган. Ал кийин мелдештен четтетилген футболчу болуп чыккан. Яги аны тынчтанууга чакырганда тосмодон аттап өтүп барып, калысты бет талаштыра бир нече ирет урган. Мунун кесепетинен арбитрдин жаагы, үч тиши сынган.
Спорт министри футболчунун мындай жоругун "пастык" деп атаган. Футбол федерациясы дагы бул нерсени өкүнүү менен кабыл алганын билдирген. Айрым басылмалар оюнчуга калыска кол салуу боюнча айып тагылганын жазды. Анын командасы убактылуу мелдештерге катышпай турууну чечкен.
Индонезияда футболдон кийинки башаламандыктан 127 киши көз жумду. Видео