2-майга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. 2-майда түнкүсүн республиканын айрым жерлеринде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Ал эми күндүз жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +23…+28, Ысык-Көл жергесинде +10…+15, Нарында +12…+17 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +26…+28 градус болот.
Күн ысыйбы? Келе жаткан аптага карата Кыргызстандагы аба ырайы