Таласта мал базарда чөнтөкчү деп кармалган кишини мамыга байлап салышты. Видео

Облустук укук коргоо органдары шектүү милицияга жеткирилгенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Таластагы мал базарда чөнтөкчү деп кармалып, мамыга байланган кишинин видеосу тарады.
Кадрлардан эки колу байланган адамды бир топ киши тегеректеп, кыжырлана кыйкырып жатканын көрүүгө болот.
Ал эми соцтармак колдонуучулары ал бирөөнүн 150 миң сомун уурдап жатканда кармалганын жазып жатышат.
Көп өтпөй Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү видеонун астына "кылмышка шектүү милицияга алып келингенин, баары мыйзам чегинде карала турганын" жазды.
Бишкектеги кеңседен 600 миң сом, бут кийим уурдагандар видеого түшүп калган