БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Талас облусунда алдыдагы аптада аба ырайы кандай болору тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымат берди.
1-2-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 3-майдан 6-майга чейин күн ачык болору божомолдонууда. 7-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.