Өзбекстанда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өтүүдө

Республиканын тургундарына президенттин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга узартуу боюнча пунктуну кабыл алуу сунушталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзбекстанда өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум башталып, добуш берүү үчүн 10 758 шайлоо тилкеси ачылды. Sputnik Өзбекстан агенттиги жазгандай, шайлоо тилкелери саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.
Буга чейин референдумга добуш берүүгө укуктуу деп 20 миллион жаран каттоого алынган. Добуш берүү боюллетенинде: "Өзбекстан Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү" конституциялык мыйзамын кабыл аласызбы?" деген суроо жазылып, астына "ооба" жана "жок" деген жооптордун варианттары коюлган.
Негизги мыйзамдын жаңы редакциясына дагы 27 беренени киргизүү, ошону менен алардын жалпы санын 128ден 155ке чейин көбөйтүү пландаштырылууда.
Атап айтканда, республиканын тургундарына президенттин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга узартуу боюнча пунктуну кабыл алуу сунушталып жатат. Кошумчалай кетсек, конституциялык мыйзам долбоору азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин бул кызматка катары менен эки мөөнөттөн кийин кайра дагы шайлануусуна жол ачат.
Өзбек өкмөтү каржылаган Бабур театры реконструкциядан кийин ачылды. Сүрөт