Келерки аптада Нарында аба ырайы кандай болот

Синоптиктер 2-3-4-майда айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жеткен шамал болорун айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Нарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
1-майдан тарта 4-майга чейин айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
5-6-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-майда кайрадан айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 17-22 метрге жетери айтылды.
Күн ысыйбы? Келе жаткан аптага карата Кыргызстандагы аба ырайы