Коррупцияга шектелип кармалган Урмат Самаев үй камагына чыкты

Самаев 17-апрелде мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту тарабынан белгилүү болду.
Билдирмеге ылайык, чечимди кечээ Октябрь райондук соту кабыл алган. Сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Самаевдин бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөрткөн.
Жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарынын билдиргенине таянып, Самаев күнөөсүн мойнуна алып, компенсация иретинде 25 миллион сом төлөгөндүгүн жазышууда. Шаардык сот бул боюнча кабары жоктугун айтты.
Белгилей кетсек, Самаев 17-апрелде мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган. Атайын кызмат анын "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экени аныкталганын билдирген.
19-апрелде анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечими чыккан болчу.
Ош медициналык колледжинин мугалимдери пара алууга шектелип кармалды. Сүрөт