Кыргызстандык жаачы эл аралык мелдеште 11 өлкө ичинен 1-орунду алды

Мелдеш Казакстанда өтүп, ага 130дан ашык жаачы катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандык жаачы Ынтымак Мурадил уулу жаа атуу боюнча "Алтын Ордо" эл аралык мелдешинде жеңүүчү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Билдирмеге ылайык, мелдеш Казакстандын Атырау шаарында өткөн. Мурадил уулу — Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү. Спортчу 70 метр аралыкка атуу боюнча таймашка катышкан.
Мелдеш 26-апрелден 29-апрелге чейин өтүп, анда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия , Малайзия, Венгрия, АКШ, Австрия, Монголия, Бириккен Араб Эмирлигинен келген 130дан ашык спортчу күч сынашты.
Кыргызстандык 5 спортчу парадзюдо боюнча Азия чемпионатынан байге утту