Эмчектеги баланы туура тамактандыруунун жолдору

Дарыгерлер эне сүтү балага керектүү болгон бардык азыктарды берерин эскертишти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору эмчектеги баланы туура тамактандыруу жолдору боюнча маалымат менен бөлүштү.
Адистер ымыркай төрөлгөндөн баштап алты айына чейин эмчек сүтү менен гана тамактанышы керектигин эскертишти.
"Эне сүтү бул убакта балага керек болгон бардык энергияны берет. Алты айдан соң эмчек сүтү менен бирге кошумча тамак берүүгө болот", — дешти дарыгерлер.
Кошумча тамактандыруу мезгилинде эмчек эмизүүнү улантуу балага зарыл болгон май, белок жана ар башка азыктар менен камсыз кылары белгиленген. Ал эми эмчек эмбеген балдарга сүт азыктарын берүү сунушталат.
Алты айлык балдарды кошумча тамакка көндүрүүдө биринчи жумшак, жарым-жартылай катуу, андан соң катуу тамактарга өтүш керек.
Эмчек эмген:
6-8 айлык балага күнүнө эки жолудан коюу, жакшы эзилген тамак;
9-23 айлык балага күнүнө үч жолу жалпы дасторкондон коюу, жакшы эзилген тамак берүү керек.
Эмчек эмбеген:
6-8 айлык балага күнүнө эки жолу коюу, жакшы эзилген тамак;
9-23 айлык балага күнүнө төрт маал жалпы дасторкондон жакшы эзилген тамак жана сүт азыктарын берүү керек.
Толук кандуу тамактандыруудагы азыктарга эмчек сүтү, дан эгиндери, жаңгак, эт, балык, тоок эти, боор, деңиз азыктары, жумуртка жана мөмө-жемиш кирет.
Радио
Бабажанов: энедеги аз кандуулук балада талма оорусун шартташы мүмкүн