Эки согуштан аман келген. Эрдик медалдарынын ээси Султаналы Серкебаевди эскерүү

Улуу Ата Мекендик согушка катышып, мекенди жан аябай коргогон аталарыбыз арабызда саналуу калды. Акыркы кезде булардын кан кечкен эрдигине тил тийгизгендер да болуп жатат. Аларды унутууга жана тарыхты бурмалоого акыбыз жок.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Эрдик медалы менен эки жолу сыйланган Султаналы Серкебаевдин өмүрү тууралуу кеп кылдык. Конокто ардагердин небереси Калия Серкебаева болду.
— Алгач таятаңыздын бала чагы тууралуу кеп кылсак?
— Таятам бала кезинен эле оор күндөрдү баштан өткөргөн экен. 1910-жылы төрөлүп, балалык чагы Үркүнгө туш келет. Чоң таятабыз менен Кытайга чейин барып, кайра эки жылдан кийин кайтып келиптир. Ошол жылдарды, согушка барганын балдарына, неберелерине айтып жатып "абдан жакшы заманда жашап жатасыңар, биздин балалыгыбыз силердикиндей өткөн жок. Согушту көзүңөр көрүп, кулагыңар укпасын" деп койчу экен. Өзү Нарын районундагы Ири-Суу айылынан болот. Чынында катаал шартта чоңоюп, жалындаган жаштык жылдары фронтто кан кечип өткөн. Биз жылына 9-майды өзгөчө майрамдайбыз.
— Улуу Ата Мекендик согушка кандайча барып калган?
— 1938-жылы таятам фин согушуна чакырылып, ал жактан контузия алып кайра кайтып келет. Бир жыл өтпөй Улуу Ата Мекендик согуш башталып, 1941-жылы согушка өз каалоосу менен кеткен экен. Ошол кезде таятам 30га чыгып, үй-бүлө күтүп калыптыр. Фронтко кеткенге чейин бир уулу болот. Ал жубайы каза болуп калып, кийин кайра үйлөнүп, баш-аягы 13 баланы эрезеге жеткирди.
— Кесибиңиз тарыхчы экен. Ыктыярчы болуп иштеп ата-тегиңизди изилдей баштаптырсыз. Таятаңыздын согуштагы кези, жүрүштөрү тууралуу кандай маалыматтарды таба алдыңыз?
— Негизи таятамдын атасы чоң молдо болуптур. Үркүндө Кытайга качып барып, Кашкардагы чоң мечиттин имамы болгон киши экен. Кийин таятам да диний ишмер болду. Союз убагында Бишкектеги борбордук мечитте имам болуптур. Диндин таасириби же кан, өлүмдү көргөнгөбү, айтор, таятам согуш тууралуу айтканды көп жактыра берчү эмес экен. Айрым фактыларды гана айтып, аскерлердин бири-бирине жан үрөп жардамдашканын эскерип берет. Шахматты кыйын ойночу. Аны согушта эс алуу убагында орустардан үйрөнүп келгенин айтчу экен. Таякелеримдин баары шахматты жакшы ойношот. Согуш тууралуу Нарындагы, Бишкектеги архивдик материалдардан көп деле маалымат чыккан жок. Сыр катары маалыматтардын сактоо мөөнөтү 75 жыл эмеспи, бирок Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата Россиянын Коргоо министрлиги материалдарды ачыкка чыгарып берди. "Память народа.ru" сайтын ачып жакындары тууралуу маалымат издегендерге мүмкүнчүлүк түздү. Согушта полктун командирлеринин кол жазмаларын, бардык документтерди сканерлеп сайтка салышты, Ошол жерден эң сонун маалыматтар чыкты. Ага чейин таятабыз канчанчы дивизияда, канчанчы полкто кызмат өтөгөнүн айтчу эмес. Ошол документтерди казып отуруп Эрдик медалы менен сыйланганын таптым. Ал 36-полктун 74-аткычтар дивизиясында кызмат өтөптүр. Биринчи медалы алты фашисттик офицерди жок кылганы үчүн берилиптир. Ал эми экинчи медалын 1944-жылы Берлинге жетерде полктошторунун өмүрүн сактап калганы үчүн алыптыр. Таятам "согушта ок жамгырдай жаайт" деп өзү эскергендей, катуу кармашта дзотко төшүн тосуп, жааган окко карабай дивизиясына курал-жарак ташып келген экен. Фронтко барган ар бир жоокер эрдик жасаган. Командирлер ар бир согуштук эпизодго карата жоокерлеринин аракетин, кармаштын жүрүшүн баяндап күндөлүк жазышыптыр. Азыр Нарындын ардагерлери тууралуу китеп жазып жатабыз.
Ал тарыхый материалдарды окуп, маалымат чогултуп жүрүп абдан толкундандым. Көркөмдөп, так, анан сыймыктануу менен полктун жетекчиси ар бир жоокеринин жасаган иштерин, эрдигин баяндап "мекенибиз үчүн" деп жазыптыр. Окуп жатып көз алдыңа элестеп да кетет экен.
— Согуштан да дос күтүп келишет эмеспи. Алар менен кийин байланышта болдубу?
— Тилекке каршы, достору менен катыша алган жок. Себеби таятам кат таанычу эмес. Экинчиден, тилди жакшы билбегени да себеп болсо керек. Фронтто Борбордук Азиядан келгендерди бир дивизияга бөлүштүрчү экен. Таятам эмнегедир жалаң орустар менен кызмат өтөптүр. Бирок ал киши орустарды, Ленинди жакшы көргөн. Кыздарынын заманбап, мода менен кийингенине каршы болгон эмес экен. Коңшулары "өзүң молдо болсоң, кыздарыңды ошого жараша кийинтпейсиңби" деп сындаса, таятам "заманына жараша кийинсин" деп жооп берген. Абдан гумандуу адам болуптур. "Кыздарыбыз кор болбосун" деп балдарына эркиндик берип, бир баласынын да чекесинен чертпей мээримдүү болуптур. Согуштун каарын көрүп калган да. Муну балдары ушул күнгө чейин эскеришет. Ага караганда таенебиз бир аз катуураак киши болгон экен.
— Жазып жаткан китебиңизге кайтсак. Жалпы Нарындын ардагерлерин изилдөө идеясы кайдан келди?
— 2019-жылдан бери "Жеңиштин ыктыярчысы" деп аталган эл аралык масштабдагы ыктыярчылар тобунда иштейм. Согуштун ардагерлерине кам көрүү, изилдөө өңдүү багытта иш алып барабыз. Дайынсыз кеткен жоокерлердин урпактары аталары тууралуу маалыматка зар экен. Окуя кандай болгон, атабыз ким болгон, кайсы жерде каза болуп, кайда көмүлдү өңдүү маалыматтарды издешет. Ошолордун сөзү мени шыктандырды. Экинчи жагынан кесибим тарыхчы. Тарыхчылар Улуу Ата Мекендик согушка кичине суз мамиле кылабыз. Бирок такыр эле көңүл бурулбайт дегенге да болбойт. Мен иштеп жаткан университетте жакталган кандидаттык, дипломдук илимий иштердин, макалалардын 30 пайызын ушул тема түзөт.
Азыр Нарын шаары боюнча 3 700 ардагер катталган. Бирок дайынсыз кеткен же тукуму уланбай калгандар да бар.
— Согушта эч ким сыйлыкты ойлоп эрдик жасабайт. Бирок изилдөө учурунда жасаган эрдиги үчүн сыйланбай унутта калган жоокерлер тууралуу маалымат кезиктире алдыңызбы?
— Албетте, мындайлар бар. Бааланбай калган эрдиктер жөнүндө Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетинде жакшы долбоор жазылган. "Память народа.ru" сайтында каттоого алынбай калган жоокерлер тууралуу иш алып барган "обратная связь" деп аталган бөлүм бар. Аларга жазсаңыздар үч сутканын ичинде жооп беришет. Керек болсо тарыхый сүрөттөрүнөн бери сакталган. Белгисиз жоокерлерди изилдөө — оор иш. Кыргызстанда "Биздин жеңиш" деп аталган коом бар. Бул команда Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги менен биргеликте ошол жердеги казуу, иликтөө, изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Буга чейин дайынсыз кеткен жоокерлердин бирин гана таба алдым. Мага жалпы 25 белгисиз жоокердин туугандарынан кайрылуу түшкөн. Мен тапкан жоокер Польшада каза болуп, белгисиз жоокерлердин мүрзөсүнө коюлган экен. Муну ачыктадык. Бул абдан чоң иш. Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлигинин жардамы менен ишке ашат. Акча да көп кетет. Ал жоокердин туугандарына атасынын дареги табылганын айтканда абдан сүйүнүштү. Ушул кезге чейин жолуккан жерден ыраазычылыгын билдирип, эрдиги менен сыймыктанышат. Ушундай адамдардын тукумдары тарыхка кайдыгер болбойт жана башкалардын да тарыхын сыйлайт деген ойдомун. Кыргызстанда согуш таасирин тийгизбеген үй-бүлө жок.
— Таятаңыз согуштан кийин эмне менен алектенди?
— Ал киши айылында мал чарбачылыгы менен алек болду. Орустардын билимдүүлүгүнө абдан суктанып келген. Ошол себептен балдарынын баарын жогорку билимдүү кылган. Ал киши жоокерлердин сүйлөгөн сөздөрүнөн бери айтып берип, согуш жылдарындагы позитивдүү учурларды гана эскерчү экен. Москвадан барып окуп келген таякелерим бар. Бардыгы таланттуу. Таятабыз согушта гитара чертип, музыкалык аспаптын тилин билгендерге суктанган, азыр балдарынын баары гитарада, комузда, аккордеондо, иши кылып бардык аспапта ойношот. Апам да комуздан сабак берчү, ырдачу. Таякелеримдин бири сүрөтчү. Балдарынын талантына суктанып, концерттерине барып кол чаап отуруп келчү дешет.
Таятамдын ата-энеси эрте кайтыш болуп, эки инисин да карап калган экен. Кийин алардын балдарына да баш-көз болот. Апам кичинесинде чайга отурарда беш самоорду бир кайнатып, 100дөй адам отуруп алып чай ичкенин айтат. Өкүнүчтүүсү, союз учурунда диний кызматкер болгону үчүн таятам жакшы бааланбаптыр. Таятабыздын атасы Меккеге жөө барган касиеттүү адам. Таятабыз канча кодулоо көрсө да "муну ата-тегимден мурастап калгам" деп дин жолунан кайткан эмес экен. Өнөрлүү балдарын карап элге "өнөрдү баалабай жатасыңар, заман бөлөк болгондо менин балдарым башкача болмок" деп өкүнчү дешет.
— Балдарынын арасынан аскердик жол менен кеткендер болдубу?
— Ооба, болду. Ал эмес апам афган согушуна катышуу үчүн өтүнмө жазып, үйүнө келип коштошуп "согушка кетип жатам" дегенде атасы буркурап ыйлап, жибербей коёт. Апам 1960-жылы туулган, өзүнөн эки жаш кичүү иниси Афганстанга барып согушуп келди. Баласы келгиче таятам кайгырып жатып тез эле карып кеткен экен. Анан таякем келгенден кийин каза болуп калды. Андан тышкары да эки кызынын бири Нарын суусуна агып, экинчиси оорудан чарчап калышат. Балдардын күйүтүн көтөрө албай кеткен. Таякем да афган согушунан жаракат, контузия алып келди. Таятам болсо сол колунун ортонун окко алдырып жиберген экен. Андан башка деле оор жаракаты болбоптур. "Мени кудайга болгон ишенимим сактап калды" дечү. Анткени жамгырдай жааган октон да далай ирет өлбөй калыптыр. Аман келүүгө мүмкүн эмес болгондой жерге жиберсе да тирүү келчү экен. Акырында дивизиядагылар ишенбей, "сен жашынып эле кайра келип жатасың" дегенде чечинип алып, жамгырдай жааган октун алдынан чуркап өтүп курал алып келип жатпайбы. Ошондо да бир ок тийбей аман калат.
Бу биздин элдин тарыхы, басып өткөн жолубуз. Аны бурмалоого, жокко чыгарууга болбойт. Ар кимибиз жекече иликтебей Улуу Ата Мекендик согуш мамлекет тарабынан колдоого алынышы керек. Тарыхыбызды билбесек болбойт.
Чоң атам колго түшкөн фельдмаршал Фридрих Паулюсту кайтарган. Подполковниктин маеги