БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Казачье булуңунун аймагында пилотсуз учактын соккусунан улам күйүүчү май куюлган цистерна күйүп кеткенин РИА Новости Севастополдун губернатору Михаил Развожаевге шилтеме берип жазды.
"Манганари көчөсүнө жакын жерде күйүүчү май куюлган цистерна өрттөнүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт пилотсуз учактын соккусунан келип чыккан. Өрттүн аянты 1000 чарчы метрди түзөт", — деп жазган Развожаев өзүнүн Telegram каналына.
Анын айтымында, өрткө татаалдыгы боюнча төртүнчү класс ыйгарылып, бирок цистерна жарандык объектилерден алыс жайгашкандыктан жалын аларга коркунуч келтирбеген.
Губернатор өрттөн жабыркагандар жок экенин, жеринде атайын кызматтар иштеп жатканын кошумчалады.