Ош шаарында жол чийинден 9 жаштагы окуучуну унаа коюп кетип каза болду

38 жаштагы айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ош шаарында жөө адамдар өтүүчү жол чийинден 9 жаштагы окуучу кызды унаа коюп кетип каза болду. Маалыматты Ош шаардык Кайгуул милициясы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, окуя 29-апрелде саат 13:00дөр чамасында Навои көчөсүндө жайгашкан Ленин атындагы орто мектебинин жанында болгон.
Жол чийинден өтүп бара жаткан окуучу кызды Honda Jazz үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен кыз ооруканага жетпей көз жумган.
Милиция тарабынан автоунаанын 38 жаштагы айдоочусу кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Машинасы айып короого токтотулду.
Окуучулар кабылган автокырсык: реанимациядагы балада жылыш бар, айдоочу комада