Ош медициналык колледжинин мугалимдери пара алууга шектелип кармалды. Сүрөт

Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары алынган параны өз ара бөлүшүп алгандан соң колго түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ош медициналык колледжинин мугалимдери пара алууга шектелип кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган окуу жайдын студенттери акча талап кылган мугалимдерге карата чара колдонуу арызы менен ИИМдин тергөө кызматына кайрылышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
1 / 3

Ош медициналык колледжинин мугалимдери пара алууга шектелип кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Аталган окуу жайдын студенттери акча талап кылган мугалимдерге карата чара колдонуу арызы менен ИИМдин тергөө кызматына кайрылышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

3 / 3

Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары мыйзамсыз алынган акчаны өз ара бөлүштүрүп алгандан кийин кармалганы кошумчаланды. Ошол эле күнү колледждин директорунун орун басары кармалып, тинтүү учурунда анын жанынан дагы эки миң сом акча табылган.

"Тергөөнүн негизинде мугалимдердин бири окуу жайдын айланасынан пара алып жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан белги түшүрүлгөн алты миң сом акча табылган. Көчөдөн кармалган экинчи мугалимдин жанынан 13 500 сом чыкты. Мындан тышкары, коррупциялык схемада ортомчу болуп жүргөн студенттин жанынан дагы белгиси бар беш миң сом табылган", — деп билдирди ИИМ.
Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары мыйзамсыз алынган акчаны өз ара бөлүштүрүп алгандан кийин кармалганы кошумчаланды. Ошол эле күнү колледждин директорунун орун басары кармалып, тинтүү учурунда анын жанынан дагы эки миң сом акча табылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Транспорт министри Баткенде жол курууда кымырылган 40,8 млн. сом боюнча үн катты