Кыргызстандык купюра өз номиналынан 41 эсе кымбат сатылууда. Себеби

Мындай банкнотадагы бир өзгөчөлүк нумизматтар арасында популярдуу, ошондуктан өзүнүн номиналынан алда канча кымбат сатылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Россиялык интернет-аукциондордун биринде 500 сомдук купюра сатылып жатат.
Ал банкнота 2000-жылы чыгарылган (үчүнчү серия).
Купюранын баштапкы баасы — 19,4 миң рубль (дээрлик 20,7 миң сом), башкача айтканда, өз наркынан 41 эсе жогору.
Себеби — банкнота алмаштыруу сериясында чыгарылган, жарактан чыккан купюраларды алмаштыруу үчүн колдонулат. Булардын катар номери башкача болот. Мындай банкноталар аз тиражда гана басылат, андыктан нумизматтар арасында жогору бааланат.
Май айында 200, 500 жана 1000 сомдук акчалар жаңы үлгүдө чыгарылат. Сүрөт