Эрдоган эфирде абалы начарлагандан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты. Видео

Өлкө башчы дарыгерлердин кеңеши менен шайлоо алдындагы кампаниясынын алкагында бир нече иш-чарага катышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган түз эфирде абалы начарлаган окуядан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты.
Стамбулда өткөн авиакосмостук фестивалдан тартылган кадрды РИА Новости Телеграм каналына чыгарды. Президент менен кошо сахнага Түркиянын биринчи айымы жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев жубайы менен чыккан.
26-апрелде Эрдоган дарыгерлердин кеңеши менен шайлоо алдындагы кампаниясынын алкагында бир нече иш-чарага катышкан эмес. Андан бир күн мурда жергиликтүү телеканалга түз эфирде маек берип жатканда абалы начарлап, маекти токтотууга туура келген. Бир топтон кийин кайра эфирге чыккан президент ашказаны кармап калганын билдирген. Кээ бир ЖМКлар ал инфаркт болгонун жазган, бирок президенттин администрациясы ал маалыматты четке какты.
Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга пландалган.
Россия менен Түркия "Аккую" АЭСине өзөктүк май жеткирүүнү расмий макулдашты